Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш эпидемиологиялык абал боюнча маалыматты эртең укмай болду

Кыска кабар | 14 Дек 2022 | 227 | 0

Жогорку Кеңеш өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалыматты эртең, 15-декабрда укмай болду. Министрлер кабинетинин өкүлдөрү бүгүн түштөн кийинкиге чакырылган. Бирок толук келбеген үчүн жылдырылды.

14-декабрдагы жыйында депутат Айбек Осмонов балдар арасында сасык тумоо менен ооруп жаткандар көбөйгөнүн, мектептерге карантин жарыяланышы керектигин же онлайн окутууга өткөрүү керектигин сунуштаган. Бул пикирди көпчүлүк депутаттар колдогон.

Бишкекте курч респиратордук вирустук инфекциялардын көбөйүшүнө байланыштуу 14-декабрдан тарта 8 мектеп онлайн окутууга өттү. 13-декабрда Чүйдөгү алты мектепке карантин киргизилген. Ош шаарында 12 мектепке карантин киргизилди.

Окуучулардын 20%ы мектепке келбей жатса, карантин киргизилет.

Өлкөдө акыркы сутка ичинде курч респиратордук вирустук инфекциянын 9788 учуру, сасык тумоонун 21 учуру катталды. Мындай маалыматты Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM