Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең, 15-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз +3…+8;
Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +2…+7;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -3…-8;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз +5…+7 градус болот.