Биз менен байланышыңыз

Сасык тумоого байланыштуу Бишкекте 8 мектеп онлайн окутууга өттү

Кыска кабар | 14 Дек 2022 | 265 | 0

Бишкек шаарында курч респиратордук вирустук инфекциялардын көбөйүшүнө байланыштуу 14-декабрдан тарта 8 мектеп онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бишкек санитардык-эпидемиологиялык кызматы Билим берүү башкармалыгы менен биргеликте балдардын мектепке баруусун текшерди. Жалпысынан 50 мектепке барышкан.

№6, 60, 28, 54, 59, 72, 95, 103 мектептерге санитардык көрсөтмөлөр даярдалып, бүгүнкү күндө окуучулардын 20%ы мектепке келбей жатканы белгилүү болду. Буга байланыштуу окуучулар үйдөн окуй турган болушту.

13-декабрда Чүйдөгү алты мектепке карантин киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM