Биз менен байланышыңыз

Португалиянын башкы машыктыруучусу кызматынан кетери айтылууда

Кыска кабар , Спорт | 13 Дек 2022 | 535 | 0

Италиянын А сериясындагы «Рома» клубунун башкы машыктыруучусу Жозе Моуриньо Португалия курама командасынын башкы машыктыруучусу болушу мүмкүн. Бул тууралуу Италиянын спорт басылмасы жазып чыкты.

Гезиттин маалыматына караганда, Португалия улуттук курамасынын азыркы машыктыруучусу Фернанду Сантуш Катардагы дүйнө чемпионаты аяктагандан кийин кызматтан алынышы ыктымал.

Португалиянын Футбол федерациясы Моуринього улуттук командадагы ишин «Рома» клубундагы ишмердүүлүк менен айкалыштырууну сунуштаган. Жозе Моуриньо бул сунушка кызыгуусун билдирген.

Португалия 2022-жылкы дүйнөлүк чемпионаттын чейрек финалында Мароккого 0:1 эсебинде утулуп калган.

Белгилей кетсек, Марокко менен болгон оюнда, Роналдуну оюн талаасына кеч чыгарганы үчүн улуттук курама команданын машыктыруучусуна бир топ нааразычылыктар айтылууда.

Ал эми Португалиянын учурдагы  машыктыруучусу Фернанду Сантуш бул боюнча пикирин билдире элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM