Биз менен байланышыңыз

Орусиянын «Вкусно и точка» тез татым тармагы Кыргызстанда ачылышы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Дек 2022 | 317 | 0

Орусиянын «Вкусно и точка» тез татым тармагы КМШ өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстандын рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазды.

Бул тез татым тармагы белгилүү McDonald’s франшизасынын алдында иштеп келген. Май айында Орусиянын Украинага кол салуусунан кийин америкалык корпорация орусиялык бизнести жеке ишкерге саткан. Бүгүнкү күндө Орусиянын 63 субъектисинде 840 түйүнү иштейт.

Компаниянын башкы директору Олег Пароев франшизаны сатуу жана анын брендин McDonald’s жок өлкөлөргө чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын айткан.

«Макдоналдс жок өлкөлөрдүн базарына чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Эгер КМШ өлкөлөрү жөнүндө айта турган болсок, булар — Армения, Өзбекстан, Кыргызстан», — деди Пароев.

РИА Новостинин маалыматына караганда, «Вкусно и точка» тез татым тармагы Макдоналдс менен түзүлгөн келишимдин шарттарына байланыштуу, Казакстандын рыногунда иштөөгө мүмкүнчүлүк ала алган жок. Себеби бул өлкөдө McDonald’s корпорациясы иштейт.

Олег Пароев ТАСС агенттигине билдиргендей, McDonald’s корпорациясы менен түзүлгөн келишимге ылайык, «Вкусно и точка» тез татым тармагы McDonald’s бар базарларда иштей албайт.

McDonald’s бренди 2021 жылдын отчетуна ылайык, дүйнөнүн 119 өлкөсүндө бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM