Биз менен байланышыңыз

Президент УТРКнын кызматкерлери канча айлык аларын айтты

Кыска кабар | 13 Дек 2022 | 585 | 0

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын жылдык бюджети үчүн 664 млн сом бөлүнүп берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 13-декабрда УТРКнын 90 жылдык мааракеси менен куттуктоо учурунда айтты.

Анын маалыматы боюнча, жаңы түзүм иштелип чыгып, бирин-бири кайталаган бөлүмдөр кыскартылып, контент үчүн каражат бөлүү, эмгек акыларды жогорулатуу маселелери чечилип, оптимизацияланды.

Мурда корпорациянын жылдык бюджети 397 млн сом болсо, реформалоодон кийин УТРКнын жылдык бюджети үчүн 664 млн сом бөлүнүп берилди.

«Кызматкерлердин айлык маяналары боюнча бирин-экин мисал келтире кетейин. Корпорацияда иштеп жаткан монтажерлордун айлыгы буга чейин 7 900 сом болсо, азыр алардын эмгек акылары 20 000 сомдон ашты. Ал эми 1-категориядагы режиссёрлорго 17 200 сомдон айлык чектелип келген болсо, азыр алар колуна 31100 сом алышууда» , — деди Садыр Жапаров.

Быйыл телерадиоберүү корпорациясына «улуттук» деген макам берүү боюнча мыйзам кабыл алынган. Ага улай, атайын жумушчу топ түзүлүп, телеканалдын ишмердигин, түзүмүн реформалоо жана каржылоо маселелери иштелип чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM