Биз менен байланышыңыз

Эрлан Бекчороев: Эч нерсени далилдей алышкан жок

Кыска кабар | 13 Дек 2022 | 364 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Камактагы жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу Кемпир-Абад иши боюнча эки жолу гана тергөө болгонун айтты. Ал ушул күнгө чейин эч нерсе далилдей албай жатышканын билдирди.

«Буга чейин тергөө эки эле жолу болду. Анда «силер революция кылмак экенсиңер, кантип ишке ашырмаксыңар?» деп сурашкан. Биз айтып жатабыз, революцияны минтип жасабайт деп. Кемпир-Абадды коргоо боюнча түзүлгөн комитеттен гана коркушту. Бирок бийлик өзү айткан жомокко өзү да ишенбейт. Бүгүнкү күнгө чейин эч нерсе далилдей алышкан жок» , — деди ал.

Бүгүн, 13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда камактагы саясатчылар, активисттер  жана блогерлердин баш коргоо чарасын кароо улантылды.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов, Кубанычбек Кадыров эки айга камакта калтырылды.

Саясатчы, активист жана блогерлер Кемпир-Абад иши боюнча 23-октябрда кармалган. Аларга ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон. Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет 22-октябрда түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM