14-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө туман түшөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3;
Талас облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -3…+2;
Жалал-Абад, Баткен, Ош, Ысык-Көл облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-9;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз -1…+1 градус болот.