13-декабрдан 14-декабрга караган түнү Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын алкагында биринчи жарым финал болот.
«Лусаил Айконик» стадионунда Аргентина менен Хорватиянын командалары беттешет.
Жарым финалдык оюн Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 01:00дө башталат.
Беттеште италиялык Даниэле Орсато калыстык кылат.
Белгилей кетсек, 2018-жылы Орусияда өткөн Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын экинчи айлампасында Хорватия менен Аргентина беттешкен. Анда хорваттар атаандашын 3:0 эсебинде жеңип алган
Жарым финал
01:00 Аргентина – Хорватия