Биз менен байланышыңыз

Жарандык активист Эрлан Бекчоро уулунун баш коргоо чарасы каралат

Кыска кабар | 13 Дек 2022 | 284 | 0

Бүгүн, 13-декабрда массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган жарандык активист Эрлан Бекчоро уулунун баш коргоо чарасы каралат. Соттук отурум Бишкектин Биринчи май райондук сотунда саат 13:00дө өтөт.

22-октябрда Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлгөн. 23-октябрда аталган комитетке кирген 20дан ашуун саясатчы жана жарандык активисттин үйү тинтүүгө алынып, ошол эле күнү кармалышкан.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодескинин 36-278-беренелери («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Анын алкагында «айрым адамдардын массалык башаламандык уюштурууга жана даярдоого, бийликти мыйзамсыз басып алуу» боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынганы айтылган.

Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, кармоо иштери жүргүзүлгөн.

Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова тинтүү жана камоо учурунда адам укуктары бузулгандыгын билдирген.

Бир күн мурун соттун чечими менен активист Али Шабдан жана Талас облусунун мурдагы губернатору Айбек Бузурманкулов 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырылды.

Активисттер Илгиз Шаменов, Чыңгыз Капаров, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев, журналист Айданбек Акматовдун да камактагы мөөнөтү 20-февралга чейин узартылды.

9-декабрда саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 23-февралга чейин, Орозайым Нарматованын абактагы мөөнөтү 20-февралга чейин узартылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM