Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан ыш көйгөйүн чечүү үчүн БУУдан 6 млрд доллар грант сурады

Кыска кабар | 12 Дек 2022 | 587 | 0

Түтүн маселесин чечүү үчүн долбоор иштеп чыгып, 6 млрд, 700 млн доллар грант алуу үчүн Бириккен улуттар уюмуна кайрылдык.

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 12-декабрдагы жыйынында билдирди.

«Биз 6 миллиард доллар грант алууга арыз бердик, долбоорлордун пакетине макулдук бериди, 2023-жылдын биринчи кварталынан тарта долбоорду баштайбыз. Анын ичинде, Бишкек шаарындагы 500 үйгө жаңы технологияларды орнотобуз, бул жылуулук жоготууларын 40% азайтат. Пилоттук долбоор Бишкектеги «Жумушчулар шаарчасында» же «Тунгучта» ишке ашырылат. Андан кийин шаарды толук камтыйбыз » , — деди Кутманова.

Ал мындан тышкары, «жашыл каттамдарды» киргизүү боюнча 20 миллион долларлык долбоорго макулдук алынганын айтты.

«Мисалы, Лондондун кээ бир райондорунда ичтен күйүүчү кыймылдаткычтары бар унааларды башкарууга тыюу салынган. Биз 200 «жашыл» такси жана 100 микроавтобус алып келебиз» , — деди министр.

Дүйнө жүзү боюнча абанын сапатын көзөмөлдөгөн World Air Quality тиркемесинин маалыматында, бүгүн Бишкекте абанын индекси 344тү көрсөтүп турат. Бул көрсөткүч нормадан 4 эсе жогору.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM