Биз менен байланышыңыз

Иран: Нааразычылык акциясына катышкан дагы бир жаран дарга асылды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Дек 2022 | 219 | 0

Иранда дээрлик үч айдан бери уланып жаткан нааразычылык акцияларынын дагы бир катышуучусу өлүм жазасына тартылды. Жазаны ишке ашыруу бүгүн, 12-декабрда Ирандын түндүк-чыгышындагы Машхад шаарында болду.

Дарга асылган жараны — Мажидриза Рахнавард. Ал ноябрь айындагы нараазычылыктар учурунда Ислам ыңкылабы корукчулары корпусуна бай ийген «Басиж» атайын даярдыктагы аскерлердин экөөсүн бычактап өлтүргөн деп айыпталган. Мажидриза Рахнавардды дарга асуу иши ачык асман алдында уюштурулганын жергиликтүү басылмалар жазды.

Буга чейин Иранда бийликке каршы нааразычылыкка чыккандардын бир канчасына айыбы угузулуп, 24 адам өлүм жазасына тартылышы айтылган.

Ирандын Eternad гезити 10-декабрь күнү сот тарабынан өлүм жазасына тартылсын деп чечим чыккан 25 адамдын тизмесин жарыялаган.

Тизмедеги рэпер Мохсен Шекари 8-декабрь күнү дарга асылган. Ал дагы «Басиж» аскер тобунун мүчөсүнө курал менен кол салуу, адамдарды коркутуу жана жолду тосууга аракет кылуу боюнча айыпталган.

Эл аралык коомчулук рэпер Мохсендин өлүм жазасына тартылуусун кескин сындады. Ал эми Иран бийлиги муну мамлекетте уюштурулган тартипсиздиктерге карата мыйзам чегинде жазалоо деп баалады.

Ал эми учурда социалдык тармактарда ирандыктар «Биз өчүбүздү алабыз, күткүлө» деген хэштег менен билдирүүлөрдү жаза баштады. Өлкөдөгү режимге каршы жакынкы күндөрү башка өлкөлөрдөгү ирандыктар да нараазычылык акцияларын уюштура турганы айтылууда.

Мындан үч ай мурун башталган нааразычылык акцияларында жалпы 470тей киши каза болуп, 18 миңдей жаран кармалган. Алардын ичинен 25ин өлүм жазасына тартуу чечими чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM