Биз менен байланышыңыз

Ташиев тик учак менен укук коргоо органдарын текшерип жатат

Кыска кабар | 12 Дек 2022 | 402 | 0

Укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тик учак менен Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарын жана Бишкек шаарын кыдырат.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Ташиев бардык күч түзүмдөрүнүн кышкы мезгилге даярдыгын текшерип, чек ара коопсуздугун камсыздоо маселесин талкуулайт.

11-декабрда республикалык бюджеттин эсебинен Германияда сатылып алынган жаңы тик учак Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлгөн.

Airbus H145 эң акыркы навигация жабдуулары, автопилот, TAS 620 жолдогу жагдайды эскертүү системасы, кошумча абаны тазалоо системасы жана башкалар менен жабдылган.

Жаңы техниканы колдонуу кырсыктардын алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуга, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда жеке жана юридикалык жактар да бул тик учакта белгиленген төлөм менен коммерциялык максатта уча алышат. Бул максаттан түшкөн каражат өлкөнүн бюджетине түшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM