Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) барды.
Анын алкагында экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-эмират комиссиясынын 2-пленардык жыйынына теңтөрага катары катышат.
Андан соң бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрүп, өнөр жай объектилерин кыдырат, ошондой эле эки тараптуу документтерге кол коюу аземине катышат.