Кыргызстанда алдыдагы аптанын ичинде өлкөнүн бардык аймактарында күн ачык болуп, жаан-чачын жаабайт. 12-декабрь күнү айрым жерлерде туман түшүшү ыктымал. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7;
Талас жергесинде түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1;
Нарын облустарында түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5;
Бишкекте 12-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз -2…-4 градус болот.