Биз менен байланышыңыз

Марокко Португалияны 1:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Дек 2022 | 709 | 0

Катарда өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионаттын чейрек финалдык оюндарында бүгүн Марокко менен Португалия беттешти.

Оюндун жүрүшүндө Марокконун футболчусу Эн Несири 42-мүнөттө Португалиянын дарбазасына гол киргизип эсепти ачты.

Ал эми Португалиянын запаста отурган футболчусу Криштиану Роналду 53 мүнөттө оюн талаасына чыкты. Бирок португалиялыктар эсепти теңей алган жок.

Оюндун негизги бөлүгү жыйынтыкталгандан соң, калыс кошумча сегиз мүнөт берди. Жыйынтык 1:0 эсебинде Марокконун жеңиши менен аяктады.

Эми Марокконун жарым финалдагы атаандашы,  11-декабрга караган түнү боло турган Англия-Франция беттешинен кийин аныкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM