Биз менен байланышыңыз

Х республикалык онлайн китеп окуу конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланды

Без рубрики | 10 Дек 2022 | 241 | 0

Бүгүн, 10-декабрда Х республикалык онлайн китеп окуу конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланды. Иш-чараны билим берүү жана илим министрлиги, Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институту, Секом билим берүү мекемеси менен биргеликте  “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фонду уюштурду.

«ОКУ» долбооруна бул ирет китеп окуу конкурсуна жалпы окурмандар үчүн Чыңгыз Айтматовдун “Гүлсарат” повести, мугалимдер жана ата-энелерге  Адем Гүнештин  “Бала биздин күзгүбүз” жана мектеп окуучулары үчүн Гектор Малоттун “Томолой жети Реми” китеби коюлду. Жалпы китепти окуу үчүн 3 ай убакыт берилип, сынак 27-ноябрь күнү онлайн форматта болуп өттү.

“Гүлсарат” повести

1-орун: 30000 сом

2 орун:20000 сом

3 орун: 10000 сом

“Бала биздин күзгүбүз”

1-орун: 30000 сом

2 орун:20000 сом

3 орун: 10000 сом

“Томолой жетим Реми”

1-орун: 30000 сом

2 орун:15000 сом

3 орун: 10000 сом

4-орундан 10-орунга чейин “Секом” билим берүү мекемесинен 100% дан -25% га чейин курстарга жеңилдетүү берилет.

Буга чейин “Оку” долбоорунун алкагында 9 ирет китеп окуу конкурстары уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар берилип келген.

Белгилей кетсек, “ОКУ!” долбоору 2018-жылы негизделип, ар кандай тематикадагы китептерден конкурстарды жылына 3 ирет уюштурулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM