Биз менен байланышыңыз

Иранда дагы 24 адам өлүм жазасына тартылат

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Дек 2022 | 364 | 0

Иранда бийликке каршы нараазычылыкка чыккандардын бир канчасына айыбы угузулду. Тактап айтканда дагы 24 адам өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

Ирандын Eternad гезити 10-декабрь күнү сот тарабынан өлүм жазасына тартылсын деп чечим чыккан 25 адамдын тизмесин жарыялады.

Тизмедеги рэпер Мохсен Шекари 8-декабрь күнү дарга асылган. Ал «Басиж» аскер тобунун мүчөсүнө курал менен кол салуу, адамдарды коркутуу жана жолду тосууга аракет кылуу боюнча айыпталган.

Eternad гезити сот органдарын чечимин кайра кароого чакырды. Маалыматта Иран бийлиги өлүм жазасына тартылуу күнү жакындап калгандардын тизмесин ачык жарыялай турганы айтылат.

Эл аралык коомчулук рэпер Мохсендин өлүм жазасына тартылуусун кескин сындады. Ал эми Иран бийлиги муну мамлекетте уюштурулган тартипсиздиктерге карата мыйзам чегинде жазалоо деп баалады.

Ал эми учурда социалдык тармактарда ирандыктар «Биз өчүбүздү алабыз, күткүлө» деген хэштег менен билдирүүлөрдү жаза баштады. Өлкөдөгү режимге каршы жакынкы күндөрү башка өлкөлөрдөгү ирандыктар да нараазычылык акцияларын уюштура турганы айтылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM