Биз менен байланышыңыз

Путин жакында кайрадан мобилизация жарыяланат деген маалыматты төгүндөдү

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Дек 2022 | 226 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин жакында кайрадан мобилизация жарыяланат деген маалыматты төгүндөдү. Ал бул тууралуу кечээ, 9-декабарда Бишкекте өткөн ЖЕЭК жыйынынан кийин пресс-конференция учурунда айтты.

«Азыр мобилизация жарыялоо маселеси каралган жок. Мен 300 миң адам буга чейинки мобилизацияда топтолду деп айтпадымбы. Алардын көпчүлүк бөлүгү азырынча майданда эмес. Согуштук аймактарда 77 миңден ашык аскер бар», — деп билдирген Владимир Путин.

Ал мобилизация жарыялоо планы жоктугун, болгону мобилизацияланган аскерлер арасында өзгөртүүлөр болот деп кошумчалаган.

Белгилей кетсек, буга чейин сентябрдын аягында Орусияда орус-украин согушуна байланыштуу жарым-жартылай мобилизация жарыяланып, ага 300 миң адам чакырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM