Биз менен байланышыңыз

«Талибандар» өз картасына Борбор Азиянын айрым аймагын «кошуп алды»

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Дек 2022 | 1758 | 0

Ооганстандын борбору Кабул шаарынын көчөлөрүнүн биринде өтө чоң глобус орнотулду. Анда учурдагы өткөөл бийлик «Ооганстан Ислам Амирлиги» деп атаган өлкөнүн аймактык чек арасы бир топ чоңойтулуп көрсөтүлгөн.

Тагыраак айтканда Ооганстандын учурдагы аймагына Ирандын жана Борбор Азиянын бир катар мамлекеттеринин аймагы кошуп көрсөтүлгөн. Глобустун диаметри 8 метр, оордугу 2 тонна болуп, моторлуу механизм жардамында айланып турат.

Глобусту жасаган уста Исматулла Хабиби башка өлкөлөрдүн аймагын кошуп жасаганын «Ооганстандын территориясы дагы так көрүнүп турушу үчүн чоңойтуп жасап койдум» — деп түшүндүргөн. Ал эми глобуска дүйнө картасын түшүргөн Убайд Вардак сүрөттү төрт күн бою тартканын айткан.

Ооганстандын өткөөл бийлиги «Талибан» бул «ачылышты» алкыштап, аны Кабул шаар бийлигинин жетишкендиги катары баалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM