Биз менен байланышыңыз

Министрлик: жаш балдар арасында сасык тумоого кабылгандар көбөйдү

Кыска кабар | 10 Дек 2022 | 173 | 0

Өлкөдөгү сезондук сасык тумоого кабылып, мектепке келбей жаткан балдар боюнча мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматында, мектептерде балдардын сабакка келбей калуусу учурда 5%. Эгер бул көрсөткүч 20%дан ашып кетсе анда эпидемиологиялык абал класс жана мектептерге карата индивидуалдуу жарыяланып, сабактар убактылуу токтотулат же онлайнга өткөрүлөт.

Курч респиратордук ооруларга жаш балдар көп чалдыкканына байланыштуу Бишкек жана Чүй облустарында ооруканага кайрылгандар көп болууда. Мындан улам учурда жаш балдар үчүн кошумча 200 койка жай уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM