Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Кыргызстандагы азыктануу маселесине арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды

Кыска кабар | 10 Дек 2022 | 304 | 0

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде 17-декабрга чейин коомчулук үчүн “Изилденбеген потенциал” аттуу жаңы сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмө кыргызстандыктардын жашоосун тамак-аш азыктары жана тамактануу призмасы аркылуу изилдеп, ошол эле учурда Кыргызстандын айыл чарба жана экономикалык потенциалын көрсөтөт. Бул көргөзмө АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) “Мыкты азыктануу” долбооруну колдоосу менен даярдалган.

Экспозицияга эл аралык документалист-фотограф Максим Фоссат тарабынан Баткен жана Жалал-Абад облустарында тартылган 60 фото камтылган. «Бир нече жыл мурун Кыргызстандын түштүгүнө биринчи жолу барганда, бардык жерде өскөн жашылча-жемиштердин түрлөрү мени суктандырган. Бирок анын адамдардын күнүмдүк рационунда канчалык аз колдонулганы мени таң калтырды. Ошондуктан мен бул карама-каршы аспекти сүрөттөрүмдө чагылдырылышын кааладым, бул USAIDдин “Мыкты азыктануу” сыяктуу долбоорлордун зарылдыгын баса белгилейт”, — дейт Максим Фоссат.

“Мыкты азыктануу” долбоору жергиликтүү жана улуттук өкмөттүк өнөктөштөр менен репродуктивдүү курактагы (15-49 жаш) аялдардын жана 5 жашка чейинки балдардын тамактануу абалын жана ден соолугун жакшыртуу боюнча иш алып барат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM