Биз менен байланышыңыз

Темир жол боюнча эл аралык каттамдардын убактысына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыска кабар | 10 Дек 2022 | 351 | 0

«Кыргыз темир жолу» ишканасы ушул жылдын 11-декабрынан тарта  2023-жылдын 10-декабрына чейин эл аралык каттамдардын убактысы өзгөргөнүн кабарлайт.

 2022-жылдын 11-декабрынан 2023-жылдын 10-декабрына чейин эл аралык жүргүнчү поезддери төмөнкүдөй график менен каттайт:

  1. Бишкек-Самара-Бишкек жүргүнчү поезди жумасына эки жолу каттап, Бишкек-2 темир жол бекетинен шаршемби жана жума күндөрү саат 23:23тө жөнөйт (жергиликтүү убакыт боюнча) жана Бишкек-2 темир жол бекетине келүү шейшемби жана бейшемби күндөргө саат 01:28гө  (жергиликтүү убакыт боюнча) туура келет.
  2. Бишкек-Казань-Бишкек жүргүнчү поезди жумасына бир жолу каттап, Бишкек-2 темир жол бекетинен дүйшөмбү күндөрү саат 17:12де жөнөйт (жергиликтүү убакыт боюнча) жана Бишкек-2 бекетине жекшемби күндөрү саат 20:38де келет (жергиликтүү убакыт боюнча).
  3. Бишкек-Новосибирск-Бишкек жүргүнчү поезди 8 күндө бир жолу каттап, Бишкек-2 темир жол бекетинен саат 02:14тө жөнөйт (жергиликтүү убакыт боюнча) жана Бишкек-2 темир жол бекетине саат 21:31де келет (жергиликтүү убакыт боюнча).

Арзандатуулар тууралуу:

          Жеке жүргүнчүлөргө жол жүрүү документтерин сатып алууда эл аралык жүргүнчү поезддери жөнөгөнгө чейин сатуу мөөнөтүнө жараша жол жүрүүнүн толук баасынан арзандатуулар берилет.

Купе вагондорунда:

Поезд жөнөгөнгө чейин 45 күндөн 41 күнгө чейинки аралыкта жол жүрүү документтери (билет) сатылып алынса 35% арзандатуу каралган.

Поезд жөнөгөнгө чейин 40 күндөн 11 күнгө чейинки аралыкта жол жүрүү документтери (билет) сатылып алынса  25% арзандатуу каралган.

Поезд жөнөгөнгө чейин 10 күндөн 6 күнгө чейинки аралыкта жол жүрүү документтери (билет) сатылып алынса 15% арзандатуу каралган.

Поезд жөнөгөнгө чейин жана 5 күн аралыгында жол жүрүү документтери (билет) сатылып алынса 5% арзандатуу каралган.

Плацкарт вагондорунда:

Поезд жөнөгөнгө чейин 45 күндөн 41 күнгө чейинки аралыкта жол жүрүү документтери (билет) сатылып алынса 25% арзандатуу каралган.

Поезд жөнөгөнгө чейин 40 күндөн 11 күнгө чейинки аралыкта жол жүрүү документтери (билет) сатылып алынса 15% арзандатуу каралган.

Поезд жөнөгөнгө чейинки 10 күндөн 6 күнгө чейинки аралыкта жол жүрүү документтери (билет) сатылып алынса 5% арзандатуу каралган.

Поезд жөнөгөнгө чейин жана 5 күн аралыгында жол жүрүү документтери (билет) сатылып алынган учурда арзандатуу каралган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM