Биз менен байланышыңыз

УКМК: Баткенде документтери жок «Лексус GX 470» жана «Опел-Астра» унаалары кармалды

Кыска кабар | 10 Дек 2022 | 346 | 0

УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан мамлекеттик номуру жана документтери жок «Лексус GX 470» жана «Опел-Астра» үлгүсүндөгү автоунаалар кармалган.

«Lexus GX 470» жана «Opel Astra» үлгүсүндөгү унаалардын айдоочуларынын көрсөтмөлөрүнө ылайык, унаалар коңшу мамлекеттин жарандарынан акча карызына байланыштуу алынган. Бул фактылар автотранспорттук контрабандага шектелип, автоматташтырылган маалымат системаларынын маалымат журналына катталды.

Учурда материалдарды кароо уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM