Биз менен байланышыңыз

Дароот-Коргон чебинде ачык асман алдындагы музей ачылды (сүрөт)

Кыска кабар | 9 Дек 2022 | 673 | 0

Бүгүн, Чоң-Алай районундагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон чебинде уюштурулган ачык асман алдындагы музейинин ачылуу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Абыкеев, айыл өкмөт башчылары, мекеме-жетекчилер, райондун аксакалдары жана башка жергиликтүү тургундар катышышты.

Аким Абыкеев “Чоң-Алай районунун 30 жылдык маараесине карата жана туризмди өнүктүрүү, тарыхый баалуулуктарыбызды сактоо, каада-салт, үрп-адаттарыбызды өзүбүздөн кийинки мурастарга жеткирүү максатында жыл башынан бери Кыргызстандагы эски чептердин бири деп аталган тарыхый улуу Кул датка коргонунда ачык-асман музейин уюштурууга аракет жасадык. Буйруса жаз алды менен музейдин ишмердүүлүгү күчөтүлөт”,- деп билдирди.

Негизги максаты Чоң-Алай районунун 30 жылдык мааракесине карата Дароот-Коргон чебине ачык асман алдында музейин уюштуруу, райондо туризмди өнүктүрүү, тарыхый мурастарды сактап калуу.

Ага ылайык, жыл башында жалпы райондун жашоочуларынан музейди уюштурууга салым кошууга, тактап айтканда тарыхый баалуулукка ээ болгон табылгаларды музейге коюга атайын комиссия түзүлүп, комиссия райондун жашоочуларынан акт менен тарыхый буюм-тайымдарды жыйнаган.

Мындан болжол менен 300 жыл мурун Кокон хандыгынын убагында курулган-дубал, “Кул-датка дубалы” деп аталып, коргонуу максатында колдонулган деп айтылып келет.

Кул датка коргону-Дароот-Коргон айылында сакталып калган бирден-бир уникалдуу тарыхый таберик. Тарыхый маалыматтарга караганда бул чепти 1840-жылдары Кокон хандыгынын Чоң-Алай чөлкөмүндөгү башкаруучусу Кул датка салдырган.
Ал эми жергиликтүү санжырачылардын айтымында, Дароот-Коргон чеби Кокон хандыгынын тушунда хандыктын административдик борбору катары курулган, башкача айтканда Кокон хандыгынын бийлигин чыңдоо үчүн бул жагынан Жерге-Тал өрөөнү, чыгыш жагынан Кытайдагы Кашкар өрөөнүнө өзүнүн бийлигин орнотуу үчүн коргон салынат.
Бүгүнкү тил менен айтканда коргон Кокон хандыгынын Чоң-Алай өрөөнүндөгү административдик имараты, Ак үйү болгон деп айтылат.

Музей кыргыз элинин үрп-адатын, каада-салтын, тарыхый баалуулуктарын даңазалаган, ата-бабалардын мурастарын камтыган туристтик жайга айланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM