Биз менен байланышыңыз

Президент коррупцияга каршы күрөш кандай жүрүп жатканын айтты

Кыска кабар | 9 Дек 2022 | 407 | 0

Бүгүн, 9-декабрь — коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. 2004-жылы БУУнун Башкы ассамблеясында бул күнү 95 өлкөнүн лидерлери коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

Президент Садыр Жапаров бул күнгө карата билдирүү жасады. Ал коррупция — мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратып, мамлекеттик органдардын иштешине терс таасирин тийгизерин, мыйзам үстөмдүгү принциптерин алсыратарын, адам укуктарынын сакталышына коркунуч келтирерин белгиледи.

Ошондой эле, коомдун мамлекеттик бийлик органдарына жана алардын кызмат адамдарына, сотторго, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине болгон ишенимин солгундатат.

«Ошондуктан, Кыргыз Республикасында коррупция менен күрөшүү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири болуп эсептелет. Анын алкагында акыркы жылдары өлкөбүздө коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча бир топ иштиктүү чаралар көрүлүүдө. Соңку жылдарда мамлекет менен коомдун биргелешкен күч-аракети Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча бирдиктүү улуттук тутумду куруу жолунда олуттуу кадамдарды жасоого мүмкүндүк берди. Иш-аракеттер коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү саясаттын ырааттуулугун жана анын комплекстүү мүнөзүн камсыз кыла турган стратегиялык программалык документтердин негизинде жүргүзүлүп жатат» , — деди Жапаров.

Президент жемкорлуктун алдын алуу боюнча чаралар тууралуу да айтып, мамлекеттик кызматкерлердин жана алардын жакын туугандарынын чыгымдарына мониторинг жүргүзүү аркылуу каржылык көзөмөл киргизүү керектигин билдирди.

Коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу, бул күрөшкө коомчулукту катыштыруу, изилдөөлөрдү жүргүзүү жана алардын натыйжаларын коррупцияга каршы стратегияларды, программаларды кабыл алууда колдонуу артыкчылыктуу усул катары кабыл алынышы керектигин айтты.

«Биз коррупцияны жоюу боюнча мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга чоң маани берип, баштаган иштерибизди сөзсүз аягына чыгарабыз» , — деди Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM