Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын өкмөт башчысы Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 9 Дек 2022 | 193 | 0

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келди. «Манас» эл аралык аэропортунда аны министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Абдулла Арипов Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына Евразиялык экономикалык биримдикке байкоочу мамлекеттин делегация башчысы катары катышат.

Бүгүн Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны башталды, ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери катышууда.

Саммиттин күн тартибинде 17 маселе каралышы күтүлүүдө.

Алардын эң манилүүлөрү газ рыногун түзүү, өнөр-жай кооперацияларын каржылоо, биримдиктин ичиндеги тоскоолдуктарды жоюу, Араб эмираттары менен эркин соода келишими, 2023-жылга карата негизги багытта жана электрондук кызмат көрсөтүүгө кыйыр салыктарды алуу тартиби болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM