Биз менен байланышыңыз

Абанын температурасы 15 °C чейин төмөндөйт

Кыска кабар | 9 Дек 2022 | 323 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 10-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын  облустарында, Чүйдүн тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарын туман каптайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр, Ысык-Көлдө 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8;

Талас жергесинде түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5;

Нарын облустарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -6…-11;

Бишкекте эртең кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -13…-15, күндүз -6…-8 градуска чейин төмөндөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM