Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталды

Кыска кабар | 9 Дек 2022 | 275 | 0

Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны башталып, ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери катышууда.

Жыйынга катышуу үчүн Орусиянын президенти Владимир Путин, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекке учуп келген. Мындан сырткары жыйындын ишине катышуу үчүн Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келген.

Жыйындын күн тартибинде 17 маселе каралышы күтүлүүдө.

Алардын эң манилүүлөрү газ рыногун түзүү, өнөр-жай кооперрацияларын каржылоо, биримдиктин ичиндеги тоскоолдуктарды жоюу, Араб эмираттары менен эркин соода келишими, 2023-жылга карата негизги багытта жана электрондук кызмат көрсөтүүгө кыйыр салыктарды алуу тартиби болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM