Биз менен байланышыңыз

Документ берүү иштери бир ай бою жеринде жүргүзүлөт

Кыска кабар | 9 Дек 2022 | 903 | 0

8-декабрдан 31-декабрга чейин мобилдик топтор өлкө боюнча каттоо жана документтештирүү кызматтарын көрсөтөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Иш графигине ылайык, төмөнкү кызматтарды алууга болот: 

— паспортко документтерди кабыл алуу;

— жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо (туулгандыгын каттоо, өлүмдү каттоо) жана күбөлүктөрдү берүү;

— «Балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулга арыздарды кабыл алуу;

— Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашаган жери жана келген жери боюнча каттоо;

— чет өлкөлүк жарандарды каттоо;

— жарандык алуу маселелери боюнча кеп-кеңештер жана документтерди кабыл алуу;

— биометрикалык маалыматтарды каттоо;

— жеке идентификациялык номерди текшерүү, күбөлүктөрдү жана көчүрмөлөрдү алуу.

Бир айлык президенттин жарлыгынын негизинде жүргүзүлүп, Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Мобилдик топтор департаменттин аймактар аралык бөлүмдөрүнүн, «Инфоком» жана «Кыргыз почтасы» ишканасынын кызматкерлеринен түзүлгөн.

Бир айлыктын алкагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашаган жери боюнча каттоо кызматтарын ала алышат.

График выездов Мобильных групп

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM