Биз менен байланышыңыз

Никол Пашинян Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 9 Дек 2022 | 128 | 0

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстанга келди. «Манас» эл аралык аэропортунда аны министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Никол Пашинян Бишкек шаарында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат.

Бүгүн Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны өтүп, ага Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин жана ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат.

Жыйынга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров төрагалык кылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM