Биз менен байланышыңыз

9-10-декабрда Бишкектеги мектептерде окутууу онлайн жүргүзүлөт

Кыска кабар | 9 Дек 2022 | 501 | 0

9-10-декабрь күндөрү Бишкектеги мектептерде окутууу онлайн жүргүзүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Мындай чечим Бишкекте ЕАЭБ саммити өткөрүлүп жатканына байланыштуу кабыл алынган.

«Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына байланыштуу кортеждер өткөн учурда жолдор жабылат, ошондой эле коомдук унаалардын кыймылына чектөө киргизилет. Ошондуктан 9-10-декабрда окуучуларды сабактан бошотуп, окууну онлайн өткөрүү керек деп эсептейбиз. Бул чечим тууралуу мектеп директорлору ата-энелерге милдеттүү түрдө кабар берүүсү зарыл», — деп айтылат маалыматта.

Мэрия Бишкектеги айрым мектептерде бомба коюлганы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирет.

Бүгүн, 9-декабрда бир топ мектепте жардыруучу заттар бар экендиги тууралуу милицияга билдирүү түшкөнүн жергиликтүү маалымат каражаттары жазды. Окуучулар эвакуация болгону кабарланды. Бирок бомба табылган эмес.

Бүгүн Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны өтүп, ага Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин жана ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат.

Жыйынга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров төрагалык кылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM