Биз менен байланышыңыз

Путин декабрдын аягында КМШ лидерлери менен бейрасмий саммит өткөрөт

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Дек 2022 | 396 | 0

Декабрь айынын аягында Санкт-Петербургда КМШ лидерлеринин бейрасмий жолугушуусу болот. Бул тууралуу Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.

Ал достук саммити «салтка айланган шартта» өтөрүн билдирди.

Октябрь айынын ортолорунда өткөн саммитте Орусия президенти Владимир Путин кесиптештерин Питерге кайрадан бейрасмий жолугушууга чакырып, аны жыл аягында өткөрүүнү сунуштаган болчу.

Белгилей кетсек, КМШ лидерлери буга чейин октябрь айында да бейрасмий саммитке чогулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM