Биз менен байланышыңыз

Коррупцияга каршы күрөшүү аракеттери талкууланды

Кыска кабар | 8 Дек 2022 | 186 | 0

Бишкекте Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата тегерек стол өттү.

Иш-чараны президенттин алдындагы Коррупцияга каршы ишкер кеңеши, Бишкек гуманитардык университети жана Ички иштер министрлиги биргеликте уюштурду.

Анда коррупцияга жүргүзүлүп жаткан иштер, анын ичинде билим берүүдөгү жемкорлукту жоюунун маанилүүлүгү талкууланды.

Иш-чараны ачып жатып, БГУнун ректору, КРнын жогорку окуу жайлар ассоциациясынын төрагасы, профессор Абдылда Мусаев ар-бир адамдын жана мекеменин аракети менен гана коррупцияны жоюуга мүмкүн экенин айтты. Ошондуктан ушул өңдүү иш-чаралардын мааниси чоң экенин белгиледи.

«Жемкорлукка каршы туруу үй-бүлөдөн, мектеп, жогорку окуу жайдан башталышы керек. Анткени пара берүү, жемкорлук фактыларына көңүл кош мамиле жасоо туура эместигин, коррупция менен ар-бирибиз күрөшмөйүнчө бул оорудан кутулуу мүмкүн болбостугун балдардын аң-сезимине кыттай куюу — ата-эне жана мугалимдердин милдети», — деди ал.

Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин баш катчысы Нурипа Муканова кеңештин ишмердүүлүгү, мамлекеттик органдардагы, мекемелердеги коррупциялык тобокелчиликтер жана аларды жоюу маселелерине токтолду.

«Дүйнөдө билим берүү — өнүгүүнүн башатында турат. Ушул тапта кыргызстандыктардын коррупцияга болгон мамилесин өзгөртүү маанилүү болууда. Бул иште билим берүү жана илим мекемелеринин орду чоң. Ошондуктан биз бүгүн ушул иш-чараны уюштуруп жатабыз», — деди ал.

9-декабрь — коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. 2004-жылы БУУнун Башкы ассамблеясында бул күнү 95 өлкөнүн лидерлери коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM