Биз менен байланышыңыз

Транспорттук прокуратура 9 айда мамлекеттин пайдасына 22 953 804 сом өндүрдү

Кыска кабар | 8 Дек 2022 | 226 | 0

Кыргыз транспорттук прокуратурасы тарабынан ушул жылдын 9 айында 20 билдирүү катталган, алардын ичинен 11 кылмыш бирдиктүү реестрге катталып, 10 кылмыш иши кыскартылган, ал эми 8 материал боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган.

Айтылган 11 кылмыш Кыргыз транспорттук прокуратурасынын өндүрүшүнө кабыл алынган. Алар:

  • Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу (КР КЖКнин 337-бер.) – 2 кылмыш катталган;
  • Экономикалык контрабанда (КР КЖКнин 231-бер.) — 1 кылмыш;
  • Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу (КР КЖКнин 245-бер.) – 4 кылмыш;
  • Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу (КР КЖКнин 210-бер.) – 2 кылмыш.
  • Шалаакылык (КР КЖКнин 348-бер.) — 1 кылмыш;
  • Документтердин жасалмасын жасоо (КР КЖКнин 379-бер.) — 1 кылмыш;

Мунун ичинен 10 кылмыш иштери боюнча тергөө амалдарынын жүрүшүндө мамлекеттин эсебине 6 870 437 сом өндүрүлүп, мамлекеттин пайдасына кайтарылган. Ал эми жалпы 9 айда сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында жана кылмыш иш козгоодон баш тартылган материалдар боюнча 22 953 804 сом мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM