Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 9-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймагында кар жаайт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймагында кар жаайт, Нарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…-8;
Талас жергесинде түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -4…+1;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;
Нарын облустарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -5…-10;
Бишкекте 9-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз -5…-7 градус болот.