Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда ымыркайлар да кургак учукка чалдыгууда

Кыска кабар | 7 Дек 2022 | 358 | 0

Кыргызстанда кургак учукту аныктоонун деңгээли 31 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу 7-декабрда Ош шаарында өтүп жаткан тегерек столдо Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдулат Кадыров билдирди.

Анын айтымында, дүйнө жүзүндө кургак учук менен күрөшүү курч маселе болууда. Жаратты аныктоонун деңгээли дүйнө өлкөлөрүндө 25 пайызга азайды.

Учурда Кыргызстандагы бейтаптардын арасында төрт айлык ымыркай да бар.

Өлкөдө Американын USAID уюмунун «Кургак учукту айыктыруу» долбоору ишке ашырылып келет.

Анын алкагында кургак учуктун дарыга туруктуу  түрү менен ооруган адамдардын оорусун аныктоо жана дарылоодо кыргыз өкмөтүнө көмөк көрсөтөт.

Долбоор Чүй, Нарын жана Талас облустарындагы лабораторияларды реструктуризациялоонун эсебинен кургак учукту диагностикалоону 90 күндөн беш күнгө чейин кыскартууга жардам берген.

Мындан тышкары, 2019-21-жылдары 3600дөн ашуун медицина кызматкери кургак учук менен ооруган аялдарга жана эркектерге өз алдынча консультация берүү боюнча ар кандай ыкмаларды үйрөнүштү.

Долбоордун алкагында, 20 миң 945 айылдык ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, жамааттар, диний өкүлдөр жана ыктыярчылар окутулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM