Биз менен байланышыңыз

Монголиядагы нараазычылык акциялары үч күндөн бери уланууда

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Дек 2022 | 310 | 0

Монголиянын борбор калаасы Улан-Батордо үч күндөн бери өкмөткө каршы нараазычылык акциялары уланууда. Анда нааразычылыкка чыккандар аткаминерлер аралашкан өтө ири көлөмдөгү көмүр коррупциясына тиешелүүлөрдү жазалоону талап кылышууда.

Көмүр — Монголиянын бюджетин толуктаган негизги кирешелердин бири. Кечээ, 5-декабрда нааразычылык акциясына чыккандар өкмөт үйүнө бастырып кирген. Бирок кийинчерээк борбордук аянттан эл өз каалоосу менен артка чегинди. Ал эми бүгүн Монголия парламенти ири көмүр коррупциясына байланыштуу чукул жыйынга чогулду.

Монголиядагы нараазычылыктар ишемби күнү башталып, анда чогулган калк президенттин имаратына кирүүгө аракет кылган. Аларды полиция кайтарган. Ал эми акция кечээ дүйшөмбүдөн кайра башталды. Учурда Улан-Батордо аба ырайы -21 градус болууда. Бирок суукка карабай наазычылык акциясына чыккандардын саны өсүүдө.

Монголиялыктар эмнеге нааразы?

Нааразычылык акциясына чыккандар өлкө парламентин таркатууну жана коррупцияга күмөндөлгөн чиновниктерди жоопкерчиликке тартууну талап кылууда.

Нааразычылык акциясына чыккан монголиялыктар борбордук аянтта. Фото: ANADOLU AGENCY

Ноябрь айынын ортолорунда Монголиянын антикоррупциялык агенттиги 30дан ашык аткаминер жана көмүр казуучу «Эрдэнэс Таван-Толгой» мамлекеттик ишканасынын баш директорун мамлекеттин мүлкүн талап-тоноо боюнча айып койгон.

Монголия парламентинин депутаттарынын бири Тогмидин Доржханд маалымат жыйын учурунда Кытайга 2013-жылдан бери Монголия бажысынан каттоосуз 6,4 млн тонна көмүр киргизилгенин жарыялаган. Депутаттын айтымында, көмүр ташыган жүк унааларына жеңил унаага берилүүчү уруксат кагаздар берилип турган.

Монголиянын «Таван-Толгой» көмүр кенинде 7,5 млрд тонна запас бар. Бул өлкөнүн көмүр экспорту бюджеттин негизги кирешесин камсыздап, ИДПнын 25%ын түзөт. Ал эми Монголиянын экспортунун 86%ы Кытайга болуп, анын жарымынан көбүн көмүр экспорту болуп саналат.

Нааразычылыкка чыккандардын айтымында тергөө иштери туура эмес алып барылууда. Алар күмөндөлүп жаткан чиновниктердин атын ачык атоону талап кылууда. Ал эми өкмөт нааразычылыкка чыккандардын лидерлерин кошуп атайын комиссия түзүлөрүн билдирген.

Өкмөт үйүнө кирүүгө аракет. Фото: ANADOLU AGENCY

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM