Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Бразилия Түштүк Кореяны утуп чейрек финалга чыкты

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 6 Дек 2022 | 413 | 0

Бразилиянын футбол боюнча курама командасы Түштүк Кореянын командасын жеңип, 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты.

Оюн 4:1 эсеби менен аяктады. Түштүк Кореянын жалгыз голун жарым коргоочу Бэк Сын Хо киргизди.

Бразилиялыктарды бутунан алган жаракатынан улам эки матчты өткөрүп жибергенден кийин биринчи жолу оюн талаасына чыккан Винисиус Жуниор, Ришарлисон, Лукас Пакета жана Оюндун 13-мүнөтүндө Неймар пеналтиден гол киргизди.

Бул гол анын Бразилия курамасындагы 76-голу болду. Улуттук курама команданын рекорду дүйнөнүн үч жолку чемпиону Пелеге таандык, ал 77 гол киргизген.

Белгилей кетсек, 24-ноябрда Неймар Сербия менен болгон беттеште (2:0) бутунан жаракат алып, оюндан мөөнөтүнөн мурда чыгып кеткен. Атаандаштар ага тогуз жолу эреже бузган – бул бүткүл дүйнөлүк чемпионаттагы эң жогорку көрсөткүч.

Катардагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат 20-ноябрда башталган, 18-декабрга чейин уланат.

 

Катар-2022: Франция Польшаны утуп, чейрек финалга чыкты 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM