Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Франция Польшаны утуп, чейрек финалга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 5 Дек 2022 | 321 | 0

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемионатынын алкагында Франциянын курама командасы чейрек финалга өттү.

5-декабрга караган түнү 1/8 финалдык оюнда Франция Польша командасы менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңишке жетти.

Алгачкы голду франциялык Оливье Жиру киргизип, дагы эки голду Килиан Мбаппе киргизди.

Польшанын футболчусу Роберт Левандовски бир голду пенальтиден тепти.

Эми чейрек финалда француздар Англия менен ойнойт.

Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда бүгүн, 5-декабрда дагы эки оюн өтөт. Бразилия курамасы Түштүк Корея курамасы менен кездешет.

Мындан тышкары, Япония менен Хорватиянын курама командалары оюн талаасына чыгат.

5-декабрга белгиленген беттештердин графиги:

1/8 финал

21:00 Япония — Хорватия,

01:00 Бразилия — Түштүк Корея.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM