Кыргызстанда 6-декабрга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Айрым жерлерге туман түшөт. Жолдорго муз тоңуп, гайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5;
Талас жергесинде түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+6;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;
Нарын облустарында түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…-6;
Бишкекте 6-декабрга караган түнү кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз -2…-4 градус болот.