Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 5-декабрда кар жаайт

Кыска кабар | 4 Дек 2022 | 446 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 5-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Нарын облустарында, Ысык-Көлдүн тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында, Ысык-Көлдүн тоолуу райондорунда кар жаайт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына туман түшөт. Жолорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2;

Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2;

Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…+5;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;

Нарын облустарында түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5;

Бишкекте 5-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз -1…+1 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM