Connect with us

Белгилүү актер Орозбек Кутманалиевди эскерүү кечеси өттү

Кыска кабар | 4 Дек 2022 | 364 | 0
Сүрөттө Болот Шамшиев менен Орозбек Кутманалиев

Кыргыз Республикасынын эл артисти, режиссёр, белгилүү актер Орозбек Кутманалиевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү.

Ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Орозбек Кутманалиевдин замандаш шакирттери, бир топ маданият ишмерлери катышты.

Кечеде кыргыз кино аренасында кайталангыс жаркын образдары менен элдин эсинде калган Орозбек Кутманалиевдин өнөргө арнаган өнөктүү өмүр жолу кенен баяндалып, чыгармачылык бейнеси баяндалды.

Орозбек Кутманалиев 1932-жылы Сокулук районунун Шалта айылында төрөлгөн.

1971-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Ал А.Айталиев, Ы.Борончиев, Т.Тыныбеков, О.Бөлөбалаев өңдүү кыргыз акындарынан таалим алып, алардын төкмөлүк жөрөлгөсүн улантып айтыштык өнөрүн өнүктүргөн.

«Ак Мөөр», «Карагул ботом», «Курманбек» дастандарын, Жеңижок, Осмонкул, Барпы, Ысмайылдын термелерин комуздун коштоосунда аткарган.

Ал «Жүрөктү жүрөм дарылап», «Айдай кызга» ж.б. обондорду жараткан жана көркөм окуунун чебери болгон.

«Сүйүү жаңырыгы» киносунда Бектемирдин, «Ак кемеде» Орозкулдун, «Фудзиямадагы кадыр түндө» Арзыматтын, «Эрте жаздагы турналарда» Бейшембектин, «Ак куулар конгон айдың көл» киносунда Сабырбектин, «Эл арасында» киносунда Кубаттын, «Уркуяда», Куландын, «Ак илбирстин тукумунда» Жарчынын ж.б. ролдорун аткарган.

1992-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамы берилип, бир катар медалдар менен сыйланган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM