Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Аргентина менен Нидерланды чейрек финалда ойнойт

Кыска кабар , Спорт | 4 Дек 2022 | 405 | 0

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпионатында Аргентина курама командасы чейрек финалга чыкты.

4-декабрга караган түнү болгон 8/1 финалдык оюндарда Аргентинанын командасы Австралияны 2:1 эсебинде жеңди.

Голдорду бул беттеш анын карьерасында миңинчи болгон Лионель Месси менен Жулиан Альварес киргизди. 77-мүнөттө Аргентинанын жарым коргоочусу Энцо Фернандес топту өз дарбазасына киргизип алды.

Ушул эле тайпадагы оюндарда Нидерландынын улуттук курамасы АКШны 3:1 эсебинде утуп алды. Жеңүүчүлөрдүн голдорун Мемфис Депай, Дейли Блинд жана Дензел Дамфрис киргизди.

АКШ командасынан Хажди Райт гол киргизди.

Эми Аргентина менен Нидерланды 9-декабрда Катар чемпиондугунун 1/4 финалында беттешет.

Бүгүн, 4-декабрда Польша менен Франция, Англия менен Сенегал жолугушат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM