Биз менен байланышыңыз

Украинаны калыбына келтирүүгө 350 млрд доллардан ашык каражат керек

Кыска кабар | 2 Дек 2022 | 305 | 0

Украинаны калыбына келтирүүгө кеткен чыгым 349 миллиард доллардан ашат. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын президенти Дэвид Малпасс билдиргенин Reuters маалымат агенттиги жазды.

Анын пикиринде, негизги чыгымдар Украинанын инфраструктурасын, электр тармагын калыбына келтирүүгө жумшалат.

Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директору Кристалина Георгиева Reuters агенттигине эл аралык өнөктөштөр Украинага керектүү колдоону көрсөтүүнү улантарына ишеним билдирген.

Анын айтымында, Эл аралык валюта фонду Украинага 2,7 млрд доллар чукул каржылык жардам берген.

«Биз Украинага колдоо көрсөтүүнү күчөтүү үчүн олуттуу иштеп жатабыз. Бомбалоо уланып жаткандыктан элетр энергияга, жылуулукка, сууга жетүү кыйын болот», — деди ал.

Октябрдын орто ченинде, Орусия Украинанын батышындагы шаарларды бомбалап, электр энергиясы жана суу менен камсыздоого сокку ура баштаганга чейин, Эл аралык валюта фонду жана украин бийликтери айына 3 миллиард доллардан 4 миллиард долларга чейин эл аралык колдоо керек деп болжолдошкон.

Дүйнөлүк банктын төрагасы Дэвид Малпасс Дүйнөлүк банк Украинага 18 миллиард доллар бөлгөнүн, анын көбү АКШ жана Европадан келгенин айтты. Тактап айтканда, октябрь айында Дүйнөлүк банк Британиянын кепилдиги менен Киевге 500 миллион доллар берген. Украин бийликтери өздөрү керектүү бюджеттик жардамды айына 4-5 миллиард долларга баалашууда. Киев Европа Биримдиги 2 миллиард доллар бөлөт деп күтүүдө, анын 500 миллиону Германиядан келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM