Биз менен байланышыңыз

Сурамжылоо: казак жаштары Украинаны, улуу мууну Орусияны колдойт

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Дек 2022 | 431 | 0

Казакстандыктардын 22%ы Украинанын позициясын колдойт. Бул көрсөткүч орус-украин согушу башталгандагы (март айында өткөрүлгөн) сурамжылоонун жыйынтыгынан эки эсе көп. Бул тууралуу коомдук пикирлерди экспресс-мониторинг кылган Demoscope бюросу маалымдады.

Сурамжылоодо Орусияны колдоп-кубаттаган казак жарандарынын саны азайганы айтылат. Март айында Орусиянын согуштук аракеттерин колдогондор 39% болсо, азыр бул көрсөткүч 13%ды түзөт. Респонденттердин көпчүлүгү, 59%ы Орусиянын Украинага кол салуусу боюнча нейтралдуу позицияда.

Социологдордун айтымында, казак жарандарынын 18 жаштан 29 жашка чейинки жаштары Украинаны колдой турганын билдиришкен. Ал эми 60 жаштан жогоркулар арасында, тескерисинче Орусияны колдогондор басымдуулук кылат.

Сурамжылоого катышкандардын 22%ы Орусиянын Украинага жасаган согуштук аракеттерин агрессия деп тааныйт. Ал эми 45%ы бул суроого жооп берүүдө кыйналган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM