Азат Эркебаев Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси болуп дайындалды.
Бул тууралуу «Марал» радиосуна Эркебаев өзү билдирди.
Азат Эркебаев Абдыганиевич 1979-жылы 2-майда Москва шаарында туулган. 2001-жылы Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу жана эл аралык экономикалык байланыштар факультетин аяктаган.
2000-2001-жылдары Пекин университетинин (КЭР) эл аралык мамилелер факультетин саясат боюнча адистигин аяктаган;
2012-2014-жылдары — Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын аяктаган.
Эмгек ишмердүүлүгү:
2001-2005-жылдары — Тышкы иштер министрлигинде катчынын жардамчысы;
2005-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчилигинин атташеси, консулу;
2009-2010-жылдары Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Пекин шаарындагы өкүлү;
2011-2013-жылдары Тышкы иштер министрлигинин Үрүмчү шаарындагы виза бөлүмүнүн башчысы;
2013-2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасынын коомдук кеңешчиси;
2018-2020-жылдары «Жаңы жибек жолу» ассоциациясынын төрагасы, Айыл чарба, кайра иштетүү өнөр-жай министринин коомдук кеңешчиси.