Биз менен байланышыңыз

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

Кыска кабар | 1 Дек 2022 | 213 | 0

1-декабрдан 2-декабрга чейин жаап жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-231 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Айдоочулар алыскы жолго чыгууда төмөнкүлөрдү эске алышы керек:

-унааны техникалык кароодон өткөрүп жана дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу;

-унаада күрөк, чынчырча, медициналык куту (аптечка);

-дары-дармек;

-тез бузулуп кетпөөчү азык болушу зарыл;

Жолдогу абал жана кырсык катталган учурда төмөнкү номурларга чалуу керек:

112 бирдиктүү номери:

101 – өрт күткаруу;

103 – медициналык тез жарадам;

102 – Милиция;

166 – Куткаруучулар;

104 –Авариялык газ кызматы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM