Биз менен байланышыңыз

Эртең ишкер аялдардын форуму өтөт

Кыска кабар | 1 Дек 2022 | 223 | 0

Эртең, 2-декабрда ишкер аялдардын дүйнөлүк күнүнө карата JIA бизнес ассоциациясы AIYM ISHKER-2022 форумун өткөрөт.

Анда бизнес чөйрөдө ийгиликтүү иштеп жаткан спикерлер тажрыйбалары менен бөлүшүп, ишкердик кылууда аялдар кабылган көйгөйлөр жөнүндө айтып беришет. Ошондой эле үй-бүлөлүк бизнестин сырлары тууралуу да сөз болот.

Форумдун алкагында ишкер жубайлар «18 жыл үй-бүлөдө өнөктөштүк, 12 жыл бизнес-өнөктөш» темасында сөз сүйлөшөт. Алар:

Элдар Абакиров — Экономика министринин мурдагы орун басары, экономист, ишкер жана жубайы Шарбат Бекмаганбетова — ишкер, «SAPSAN» билим берүү борборунун «OSOO Alpha Genius» компаниянын ээси.

Мындан тышкары, эл аралык бизнес-тренер, өзүн-өзү өнүктүрүү, убакытты башкаруу боюнча тренер Фархад Мамбетов «Тайм менеджменттин» сырлары менен бөлүшөт.

AIYM ISHKER -2022 форумунун дагы бир спикери Марине Жамкочян. Ал «Бизнес жана билим берүү өнөктөштүк» фондунун негиздөөчүсү, NY Style компаниясынын директору, «Европа Инвестициялык жана Бизнес-консалтинг» компаниясынын негиздөөчүсү (Армения). Ал ишкердик менен үй-бүлөлүк милдеттерди кантип бир алып кетсе болору жөнүндө ой бөлүшөт.

«Үй-бүлөлүк бизнестин ийгиликтери жана кемчиликтери» деген темада ишкер жубайлар Данияр Алымов жана Жамиля Иманкулова сүйлөшөт.

Аялдардын ишкердигине арналган форумда башка да ийгиликтүү ишкер айымдардын баяндамалары угулат. Иш чара саат 13:00дө Novotel мейманканасында өтөт.

Кыргызстанда ишкер аялдарды колдоо боюнча 2022-2026-жылдарга эсептелген мамлекеттик программа бар. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, программанын алкагында ишкер аялдар 300 миң сомго чейинки насыяны 6% жеңилдетилген үстөк менен ала алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM