Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзамдарга кол койду

Кыска кабар | 1 Дек 2022 | 293 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 30-ноябрда Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын айрым тилкелери жөнүндө келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян  суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамдарга кол койду.

Өзбек тараптын маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын айрым тилкелери боюнча макулдашуу 13 беренеден турат. Ал жалпы узундугу 302,29 чакырымды түзгөн чек ара сызыгын, анын ичинде кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын 35 участогун аныктады.

«Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын аймагынын 4957 гектары, плотинаны кармоо жана коргоо үчүн кошумча 19,5 гектар Өзбекстанга, 1019 гектар жайыт жери компенсация катары Кыргызстанга өткөрүлүп берилген. Кыргызстан ошондой эле суу сактагычтын жээгине курулбай калган Кемпир-Абад каналы үчүн кенемте иретинде Гавасай участогунан 12 849 гектар жер өтөт, Кыргызстан ал жерге гидротехникалык же башка курулуштарды салууга укугу болбойт» , — деп айтылат маалыматта.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жана Сох районундагы Чечме булагы менен тилкесинин суу ресурстарын биргелешип башкаруу маселелери өзүнчө макулдашуулар менен жөнгө салынары айтылат.

Чек аранын айрым участокторунда демаркациялоо иштери аяктаганга чейин мамлекеттик чек араны көзөмөлдөө жана кайтаруу жерди иш жүзүндө пайдалануу чек араларында жүргүзүлөт.

Ал эми «Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө» макулдашуу документи 11 беренеден турат, суу сактагычтын суу ресурстарын чогуу башкаруу боюнча биргелешкен комиссия түзүлгөн, өзбек тарап өзүнө сууну горизонталь боюнча 900 метрден жогору эмес деңгээлде кармап туруу, Кыргызстандын жарандарына малын жана жерин сугарып, балык улоосуна тоскоолдук жаратпоо, суу сактагычтын тегерегине инженердик-техникалык курулуштарды курбоо милдетин алып жатканын билдирди. Кыргызстан сууну коргоо зоналарын орнотууга жана сууну пайдалануу тартибин сактоого милдеттенме алып жатканы айтылды.

«Кемпир-Абад суу сактагычынын коопсуздугун камсыздоо боюнча Өзбекстан менен Кыргызстан тарабынан аткарыла турган чаралар макулдашылды. Ошентип, өзбек тарап суу сактагычтын коопсуздугун камсыздап, аны иштетип, техникалык тейлөөнү камсыздап, кыргыз тарап менен макулдашылган чектерде сууну агызып жатат» , — деп айтылат Мирзиёевдин басма сөз кызматынын маалыматында.

Мындан тышкары, суу сактагычтын суу ресурстарын биргелешип башкарууга укуктук негиз түзүлүүдө. 8 миңге жакын чарбаны үзгүлтүксүз суу менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт, бул 2,5 миллион тонна айыл чарба продукциясын өстүрүүгө жана 500 миллион долларлык продукцияны экспорттоого мүмкүндүк берет.

Ушул эле келишимге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 29-ноябрда кол койгон. Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 17-ноябрда кабыл алынган.

Мыйзам ушул жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө Келишимди ратификациялоону сунуштайт.

3-ноябрда Бишкек шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге кол коюлуп, ага 302,29 км аралыктагы участоктор кирген.

Copyright © 2017 Maral FM